• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Бишкекте Snow Leopard Run жарышы өтөт. Кайсы көчөлөр жабылат?

Спорт 0

Бишкек, 26.09.24. /Кабар/. 29-сентябрь, жекшембиде Бишкекте Snow Leopard Run 2024 V эл аралык кайрымдуулук жарым марафону өтөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чара Ала-Тоо аянтында 4500 адамдын катышуусунда башталат.

Жарыш 5 чакырым, 14 чакырым, 21,1 чакырым аралыктарды, ошондой эле 3 жаштан 13 жашка чейинки балдардын жарышын камтыйт.

Жарым марафондук маршрут борбордук көчөлөр аркылуу өтөт.

Буга байланыштуу эртең мененки саат 6:00дөн баштап көчөлөрдүн төмөнкү тилкелерин жабуу пландалууда:

- Чүй проспекти Манас проспектисинен Ж.Абдрахманов көчөсүнө чейин;
- Абдрахманов көчөсү Чүй проспектисинен Иманалиев көчөсүнө чейин;
- Иманалиев көчөсү Ж.Абдрахманов көчөсүнөн Айтматов проспектисине чейин;
- Масалиев көчөсү Ж.Абдрахманов көчөсүнөн Айтматов проспектисине чейин.
- Ч.Айтматов проспектиси Иманалиев көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин.

Каттамдын боюна электрондук хронометраж системасынын пункттарын, ошондой эле катышуучулар үчүн тамак-аш пункттарын (жолдун бөлүгүндө) орнотуу зарылчылыгына байланыштуу эрте жабылат.

Иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосу менен Nomad Sport коомдук бирикмеси уюштурууда.

Пикир

Оставить комментарий