Бишкекте веложүрүш өтөт. Башкы байге Стамбулга жолдомо

Спорт 0

Бишкек, 18.04.19 /Кабар/. Бишкек шаарында алкоголь, чылым жана технологияга көз карандылыкка каршы жана аутизм тууралуу маалыматты жайылтууга колдоо көрсөтүү максатында ири массалык веложүрүш өтөт. Спорттук иш-чара 21-апрель күнү саат 9:00дө Уркуя Салиеванын эстелигинин жанынан старт алат.

Мэриянын басма сөз кызматынан билдиргендей, веложүрүштүн финиши Даир Асанов атындагы паркта болот.

Жарыштын маршруту шаардык автоинспекция кызматкерлери менен тосулуп, тез жардам кызматкерлери менен коштолот.

Финиште “Колдон колго” коомдук бирикмеси аутизм менен балдардын ата-энелери менен биргеликте сүрөттөрдүн жана кол жасалгаларынын көргөзмөсүн өткөрөт. Көргөзмө көңүл ачуучу программа менен коштолот.

Иш-чаранын уюштуруучулары катышуучуларды сөзсүз башына шлемдерди кийүүнү суранышат, ал эми жол коопсуздук чыптамалары жүрүш башталганда таратылат.

Бишкек мэриясы баардык шаар тургундарын акцияга катышууга чакырат. Веложүрүштүн жеңүүчүлөрүнө Түркиянын Стамбул шаарындагы өтүүчү ири веложүрүшкө катышууга жолдомо ыйгарылат.

Акция “Жашыл Ай Коому” коомдук бирикмеси, “Колдон колго” КБси жана Бишкек шаарынын мэриясынын жана КРнын велокоомчулугунун колдоосу менен өтөт.

Пикир

Оставить комментарий