• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкек жана Чүйдө “Мектептеги футбол” долбоору ишин баштады. Ал эмне?

Спорт 0

Бишкек, 02.02.23. /Кабар/. Кыргыз футбол бирикмеси Азия футбол конфедерациясынын (АФК) каржылык колдоосу менен Бишкекте жана Чүй облусунда “Мектептеги футбол” долбоорун ишке ашыра баштады.

Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришкендей, 9-февраль күнү тандоодон өткөн мектеп жана балдар үйлөрүнүн дене тарбия мугалимдеринин жалпы чогулушу болот.

Эске салсак, бул долбоор дене тарбия мугалимдеринин квалификациясын жогорулатууга багытталган. Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы 60 мектеп мугалими окуучуларды натыйжалуу окутуу үчүн квалификациясын жогорулатууга мүмкүнчүлүк алышат.

Аларга балдарга карата ырайымсыз мамиленин жана зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча сабактар өтүлүп, футбол техникасынын негизги усулдук принциптери үйрөтүлүп, биринчи жардам көрсөтүү ыкмалары менен тааныштырылат.

Долбоор алты этапта өтөт. Анын ичинде: эки күндүк билим берүү программасы, “D” сертификаты жана “С” лицензиясы үчүн тренерлик курстары, 1 миңден ашык баланын катышуусунда мектеп аралык достук турнирлерин жана фестивалдарын өткөрүү.

Кошумчалай кетсек, “D” машыктыруучулук күбөлүгүн жана “С” лицензиясын ийгиликтүү алгандан кийин мугалимдер негизги ишмердүүлүгүнөн тышкары, футбол боюнча машыктыруучу иретинде кошумча эмгектене алышат.

Пикир

Оставить комментарий