• 87.45
  • 90.16
  • 0.85

Бишкекте италиялык сүрөтчүнүн көргөзмөсү өтөт

Маданият 0

Бишкек, 19.11.24. /Кабар/. Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм-сүрөт өнөр музейинде 21-ноябрь күнү саат 12:00дө италиялык сүрөтчүнүн «Софиянын параллели» аталышындагы көргөзмөсү ачылат.

Музейден билдиришкендей, көргөзмөдө дүйнөлүк мода журналдарынын мукабасын шөкөттөгөн эл аралык фотограф София Лавровдун эмгектери көрсөтүлөт.

Белгилүү болгондой, Лавров мода жана шаарларга өзүнүн тарткан сүрөттөрү аркылуу жан берип келет.

Азыркы тапта ал Бишкекти сүрөткө тартып жүрөт. Иш-чаранын жүрүшүндө сүрөтчү Италиянын Турин шаары менен Бишкектин окшоштугу жана өзгөчөлүктөрүн салыштырмакчы.

Белгилей кетсек, көргөзмө 21-ноябрдан 1-декабрга чейин созулат, биринчи күнү кирүү акысыз.

Пикир

Оставить комментарий