Бишкек, 05.12.24. /Кабар/. Күн мурун Бишкек мэринин орун басары Азамат Кадыров шаардык кызматтар менен биргеликте жер алдындагы унаа токтотуучу жайларды текшерди.
Мэриядан билдиришкендей, алгач Медеров жана Жукеева-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Глобус» гипермаркетиндеги жер астындагы унаа токтотуучу жай текшерилди.
Ал жерде унаа токтотуучу жайдын ичинде уруксатсыз объектилер орнотулуп, иштеп жаткан. Мыйзам бузууларды жоюу жана долбоорго ылайык келтирүү боюнча жеринде көрсөтмөлөр берилди.
Жакшы ишин А.Токомбаев көчөсү, 53/1 дарегиндеги «Глобус» гипермаркети көрсөттү. Бул жерде эч кандай мыйзам бузуулар табылган жок. Объект таза жана иреттүү, ошондой эле электр унаалары үчүн электр кубаттоочу станциялардын бар экендиги белгиленди.
Андан кийин «Томми Молл» соода жана оюн-зоок борбору текшерилди. Ал жерде уруксаты жок унаа жуучу жай уюштурулуп, долбоорго туура келбеген башка объектилер тургузулган.
Бишкек шаары боюнча Архитектура, курулуш жана турак-жай- коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги буга чейин мыйзам бузууларды жоюу боюнча буйрук чыгарган. Бул жолу буйруктун аткарылбаганы боюнча ушундай эле документ чыгарууга тапшырма берилди.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен мэрдин орун басары жер астындагы унаа токтотуучу жайларды инвентаризациялоо иштерин күчөтүүнү жана орун алган мыйзам бузууларды жоюу боюнча объектилердин ээлерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.
Пикир
Оставить комментарий