Бишкекте сот тутуму менен ЖМКлардын өз ара аракеттенүүсүн тереңдетүүгө арналган тегерек стол өттү

Коом 0

Бишкек, 25.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 25-мартта сот тутуму менен жалпыга маалымдоо каражаттарынын өз ара аракеттенүүсүн тереңдетүүгө арналган эки күндүк тегерек стол өз ишин аяктады. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарада журналисттер өздөрүн кызыктырган суроолорун берип, кеңири жоопторду ала алышты.

Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков суроолорго жооп берип жатып, коомдо сот адилеттигинин маңызын түшүнүүнү калыптандырууда, ошондой эле жарандардын укуктук аң-сезиминин деңгээлин жогорулатууда жалпыга маалымдоо каражаттарынын ролунун маанилүүлүгүн өзгөчө белгиледи.

Катышуучулар биргелешкен чыгармачыл долбоорлор боюнча өз сунуштарын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен соттордун кесипкөй эмес мамилесинин фактыларын айтууга мүмкүнчүлүк берген иш-чаранын жогорку деңгээлде өткөнү үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.

Тегерек столдун жүрүшүндө жергиликтүү соттордун судьялары: Ысык-Көл облустук сотунун төрайымы Гүлкайыр Алиева, Ысык-Көл облустук сотунун төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу Альгис Шүкүралиев, Ысык-Көл облустук сотунун судьясы Самар Ниязалиев жана Ысык-Көл облусунун Административдик сотунун төрагасы Марат Тагаев журналисттер менен кызматташуу боюнча тажрыйбалары менен бөлүштү.

Иш-чаранын жүрүшүндө Ысык-Көл облустук соту аймактагы медиа борбор менен өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту, анда соттун ишин чагылдыруу камтылган жана калктын укуктук маданиятын жогорулатууга багытталган. Ошондой эле судьялар тараптар натыйжалуу кызматташуунун жолдорун ачык талкуулаган мындай иш чара өз ара аракеттенүүнүн сапаттык жаңы деңгээлине чыгууга түрткү боло аларын белгилешти.

Иш-чаранын соңунда тараптар маалымат менен гана чектелбестен, жарандарга укуктук тарбия берүү менен бирге соттор менен ЖМКнын тыгыз жана жакшы кызматташуусуна багытталган иш чаралардын жүргүзүлүшүнүн маанилүүлүгүн билдиришти.

Эске салсак, иш-чара Жогорку соттун аппарат жетекчиси Эркинбек Мамыровдун, Жогорку соттун төрагасынын кеңешчиси Нурханбек Момуналиевдин, Европа Биримдигинин “Кыргыз Республикасында мыйзам үстөмдүгү 2-фаза” программасынын жетекчиси Стефанос Кареклас, аталган программанын негизги эксперти Александру Танасенин катышуусунда өттү.

Тегерек столдун ишине Ысык-Көл, Нарын, Талас жана Чүй облустарынын жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Пикир

Оставить комментарий