• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ош шаары Андижан облусу менен кызматташууну тереңдетүү боюнча Жол картасына кол койду

Аймак 0

Бишкек, 25.03.22. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов баштаган мэриянын делегациясы 23-мартта Өзбекстандын Андижан облусуна иш сапары менен барды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш сапардын жүрүшүндө Андижан облусунун губернаторунун орун басары Б.Хамраев делегацияны облустун алдыңкы текстиль ишканалары менен тааныштырды.

Ошондой эле Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов менен Андижан облусунун губернатору Шухратбек Абдурахманов жолугушуп, анда эки тараптуу кызматташуу маселелери талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстандын Ош шаары менен Өзбекстандын Андижан облусунун ортосундагы кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү жана кеңейтүү боюнча Жол картасына кол коюшту.

Пикир

Оставить комментарий