• 87
  • 90.41
  • 0.84

Бишкекте спорттук аскага чыгуу боюнча чемпионат өттү

Спорт 0

Бишкек, 24.05.22. /Кабар/. 19-майдан 22-майга чейин спорттук аскага чыгуу боюнча жаштар арасында Бишкек шаарынын чемпионаты өттү. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чараны Бишкек мэриясынын маданият, спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаментинин директору Мирлан Парханов жана КР Альпинизм жана аскага чыгуу федерациясынын президенти Эдуард Кубатов ачышты.

Мелдештер кыйынчылыкка жана ылдамдыкта чыгуу боюнча өттү.

Кыйынчылык - жеке мелдеш, анда маршруттун аягына чейин чыгуу керек («Финиш», же «Жогорку»). Спортчуларга тректи көрүү үчүн 3 мүнөт убакыт берилет жана 3-6 мүнөттүк кыска контролдук убакытта алар кезектешип трассадан өтүшөт.

Ылдамдык - жуп жарыш, бул жерде минималдуу убакытта тректин аягына чейин көтөрүлүү керек.

4 жаш курактык тайпада кыйынчылык боюнча 65 спортчу күч сынашты: 39 бала жана 26 кыз. Ылдамдык боюнча - 67: 41 бала жана 26 кыз.

Сынактын жыйынтыгында 2003-2006-жылы туулган топто жеңүүчүлөр:
- Кыйынчылык жана ылдамдык - Горшков Евгений;
- Кыйынчылык – Шестаева Дарина;
- Ылдамдык – Зубкова Алиса.

2007-2008-жылдары төрөлгөн топто:

- Кыйынчылык – Белый Михаил;
- Ылдамдык – Батаджиев Руслан;
- Кыйынчылык - Мусуралиева Лейла;
- Ылдамдык – Картлыкова Лейла.
2009-2010-жылдары төрөлгөн тайпада:
- Кыйынчылык жана ылдамдык – Ташболотов Артур;
- Кыйынчылык жана ылдамдык – Тян Алина.

2011чи жана андан кичүү топто:

- Кыйынчылык – Мананчиков Михаил;
- Ылдамдык– Лыточкин Данил;
- Кыйынчылык – Тё Алиса;
- Ылдамдык – Козак Ангелина.

Чемпиондор эми 20-24-июлда Алматыда өтө турган жаштар арасындагы Азия чемпионатына катышат.

Пикир

Оставить комментарий