• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Пара триатлон боюнча курама команда Түркиядагы дүйнө кубогуна катышат

Спорт 0

Бишкек, 04.04.24. /Кабар/. Кыргызстандын пара триатлон боюнча улуттук курама командасы Түркиянын Енишехир шаарында өтчү дүйнө кубогуна катышат.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдеш 18-23-апрель күндөрү өтөт.

Курама команданын тизмеси:
- Жалалидин Абдувалиев;
- Дастан Камчыбеков;
- Гүлназ Жүзбаева;
- Айтунук Жоомарт кызы;
- Артем Шарпилов коштоп жүрүүчү;
- Алена Пучкина коштоп жүрүүчү;
- Юлия Фернас коштоп жүрүүчү.

Курама команда башкы машыктыруучу Андрей Ханадеевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышат.

Пикир

Оставить комментарий