Бишкек, 09.04.21. /Кабар/. Бишкекте стол үстүндөгү теннис боюнча шаардын ачык биринчилиги өтөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.
Мелдеш 17-18-апрелде борбор калаадагы №65 мектепте болот.
“Бардык санитардык-эпидемиологиялык эрежелер милдеттүү түрдө сакталат. Мелдеш эркектер жана аялдар, жалгыз жана жуптар арасында өтөт”, - деп айтылат маалыматта.
Спорттук жарышты Бишкек мэриясынын дене тарбия жана спорт боюнча башкармалыгы Стол үстүндөгү теннис боюнча ассоциация менен биргеликте уюштурууда.
Пикир
Оставить комментарий