• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Кыргызстандык футболчу Мирбек Ахматалиев Малайзиянын чемпионатында дубль жасады

Спорт 0


Бишкек, 22.03.22. /Кабар/. Кыргызстандын футбол боюнча улуттук кураманын оюнчусу Мирбек Ахматалиев Малайзиянын премьер-лигасындагы PDRM клубунун курамында дебют кылды. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Чемпионаттын старттык оюнунда PDRM клубу Perak командасына каршы ойногон. Анда кыргызстандык оюнчу дубль жасоого жетишти.

Беттеш Ахматалиевдин клубунун жеңиши менен, 3-1 эсебинде аяктады. Буга чейин футболчу клубунун жолдоштук беттештеринде бир нече гол киргизген.

Пикир

Оставить комментарий