• 87
  • 90.63
  • 0.79

Бишкекте Түгөлбай Казаковдун чыгармачылык кечеси өттү

Маданият 0

Бишкек, 28.11.24. /Кабар/. Күн мурун Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз Республикасынын Эл артисти, композитор, обончу жана публицист Түгөлбай Казаковдун чыгармачылык өзгөчө кечеси өттү.

Маданият министрлигинен билдиришкендей, иш-чарага белгилүү маданият ишмерлери, бийлик өкүлдөрү жана коомчулук жигердүү катышты. Ардактуу коноктордун арасында мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, министрлер кабинетинин төрагасынын кеңешчиси Медетбек Букуев жана маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов болду.

Алтынбек Максүтов өз сөзүндө Түгөлбай Казаковдун чыгармачылыгынын маанилүүлүгүн белгиледи: “Түгөлбай Казаков – бул жөн гана таланттуу композитор эмес, ал кыргыз элинин патриоту. Анын музыкасы элибизди шыктандырып, бириктирип келет. Анын чыгармалары – бул кыргыз элинин жан дүйнөсүнүн үнү”.

Кечеде көрүүчүлөргө Түгөлбай Казаковдун чыгармалары тартууланып, аларды артисттер жана жаш таланттар аткарышты. Кеченин өзгөчө бөлүгү болуп, композитордун өзү бир нече муунга тааныш жана жүрөккө жакын болгон ырларын аткарган көз ирмем болду.

Иш-чаранын жогорку деңгээлде уюштурулушу көрүүчүлөрдүн жана мамлекеттик өкүлдөрдүн чоң баасына татыды. Катышуучулар шыктандыруучу атмосфераны белгилеп, Түгөлбай Казаковдун чыгармачылыгы улуттук маданий мурасты сактоодо чоң роль ойной турганын баса белгилешти.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги иш-чаранын уюштуруучуларына терең ыраазычылыгын билдирип, улуттук таланттарды колдоо жана маданий баалуулуктарды алдыга жылдыруу мамлекеттик саясаттын негизги багыттарынын бири экендигин дагы бир жолу белгиледи.

Чыгармачылык кече Түгөлбай Казаковдун музыкасы кыргыз элинин бай тарыхы менен руханий дүйнөсүнүн күзгүсү экендигин дагы бир жолу далилдеп, бул мурасты келечек муундарга өткөрүп берүү зарылдыгын эске салды.

Пикир

Оставить комментарий