• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

“Акыркы көч” тасмасы Бухарест эл аралык кинофестивалынын башкы сынагына катышат

Маданият 0

Бишкек, 26.08.21. /Кабар/. “Акыркы көч” (The Road to Eden) тасмасы сентябрдын башында Румыниянын борбор шаарында өтө турган Бухарест Эл аралык кино фестивалына катышат. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Buharest International Film Festival – биринчи кезекте арт-хаустук киного багытталган. Уюштуруучулар жаш таланттуу режиссерлордун, ошондой эле кинематографиянын өнүгүшүнө жаңы идеяларды жана тенденцияларды алып келген адискөйлөрдүн сапаттуу чыгармаларын тандашат. Катышууга таасирдүү жана укмуштуу эстетикасы менен айырмаланган улуттук жана чет өлкөлүк кинорежиссерлордун тасмалары кабыл алынат.

“Биз көркөм фильмдердин эстетикасы жана стили жогору бааланган кинофестивалдын тандоосунан өткөнүбүзгө абдан кубанычтабыз. Бул үчүн уюштуруучуларга жана биздин тасмабызды тандаган тандоо комиссиясына ыраазычылык билдиребиз”,-деп айтылат маалыматта.

Тасма Т.Океев атындагы “Кыргызфильм” улуттук киностудиясы “Билимкана” коомдук” фонду менен биргеликте тартылган. Сценарийдин автору жана тасманын режиссеру Бакыт Мукул жана Дастан Жапар уулу болуп саналат. Продюсери Эльнура Осмоналиева. Тасмада Марат Алышпаев, Шайыргүл Касымалиева, Бусурман Одуракаев, Анара Ажыканова, Калипа Усенова, Өмүрзак Токтомуратов и Гүлсина Чотонова сыяктуу белгилүү актёрлор роль жаратышкан.

“Акыркы көч” көркөм тасмасы жалгыз жашаган белгилүү жазуучу Кубат Алиевдин тарыхын чагылдырат. Бир кезде ал досу сапардын катуу ооруп жатканын билет. Кубат досунун дарылануусуна жумшоо үчүн батирин сатат, бирок көп өтпөй анын инисин карызы үчүн сабап кетишет. Кубат бир кыйынчылыкка туш болот - бир тууганга же жазуучу досуна жардам берүү. Мен кыйын абалда турам - бир тууганга же жазуучу досума жардам берүү.

Пикир

Оставить комментарий