• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Бишкекте драматург Шатман Садыбакасовдун 90 жылдыгы белгиленди

Маданият 0

Бишкек, 16.12.22. /Кабар/. Бишкекте Кыргыз ССРнин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер, жазуучу, драматург Шатман Садыбакасовдун 90 жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага маданият министринин орун басары Түмөнбай Колдошов, президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Элмира Садыкова, Нарын облусунун Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Жамшит Матанбаев, жазуучулар союзунун төрагасы, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмери Нурлан Калыбеков жана башка коомдук ишмерлер, акын-жазуучулар катышты.

Шатман Садыбакасовдун кыргыз адабиятындагы орду опол-тоодой. Анын кыргыз элинин тарыхый тагдырындагы урунттуу учуруна арналган “Күндөр”, “Ак боз ат” сыяктуу чыгармалары жеке жазуучунун эле эмес, жалпы кыргыз адабиятынын өсүп-өнүгүш баскычындагы бараандуу көркөм туундулар катары өз ордун ээлеген.

Жазуучунун көптөгөн чыгармалары орус жана башка тилдерге да бир нече ирет которулган. "Күндөр" романы, "Ак боз ат" драмасы орус тилине которулуп басылган.

Ш. Садыбакасовдун калеминен жаралган “Ак боз ат” драмасы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрыбызда алгач 1972-жылы залкар драматург Жалил Абдыкадыров тарабынан сахналаштырылып, кийин 2012-жылы КР эл артисти, белгилүү режиссер Замир Сооронбаев тарабынан кайрадан жаңыланып коюлган.

Ошол күндөн тарта театрдын репертуарынан түшпөй коюлуп келе жатат.

Пикир

Оставить комментарий