• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Опера жана балет театры кайрадан иштей баштады

Маданият 0

Бишкек. 08.12.20. /Кабар/. Узакка созулган тыныгуудан соң А.Малдыбаев атындагы Кыргыз академиялык опера жана балет театры кайрадан иштей баштады.

Театрдын адабий бөлүмүнүн башчысы Елена Мягкова маалымдагандай, 13-декабрда саат 18:00дө белгилүү опера ырчысы, КРнын эл артисти Кадырбек Чодроновдун 100 жылдыгына арналган концерт болот.

Сахнага КРнын эмгек сиңирген артисттери, Гүлнур Ниязбаева, Кайымбек Кускаков, Бактыбек Ыбыкеев, Тилек Найманбаев, Эл аралык сынактардын лауреаттары Глеб Ким, Орозбек Бакытов, Бакыт Алмабеков жана башкалар чыгат. Концертмейстерлер: КРнын эмгек сиңирген артистери Юлия Бабич, Набира Жаксалиева, Нуржан Токтобекова. Режиссер - Найля Рахмадиева.

Пикир

Оставить комментарий