Бишкек, 12.05.23. /Кабар/. Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында төкмө акын, “Айтыш” коомдук фондунун төрагасы Асылбек Маратовдун жеке концерти болуп өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлайт.
Акындын жеке концертинде акындардын айтышы, комуз күүлөрү жаңыргандан сырткары Асылбек Маратов Токтогул, Эшмамбет сыяктуу залкарлардын терме, санаттарынан, Кыргыз Республикасынын эл артисти Элмирбек Иманалиевдин обондуу ырларынан ырдап, көрүүчүлөрдүн жарпын жазды.
Концертке мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев жана төкмөлүк өнөрдүн күйөрмандары катышты.
Пикир
Оставить комментарий