• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Кыргызстан Түркияда өтө турган IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыкты баштады

Маданият 0

Бишкек, 27.05.22. /Кабар/. Бүгүн, 27-майда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинде Түркияда өтө турган IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдануу үчүн биринчи ведомстволор аралык жыйын өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, анда иш-чараны жогорку деңгээлде уюштуруп өткөрүү боюнча комитетин түзүү чечими кабыл алынып, бардык компоненттер (маданият, спорт жана маалымат каражаты жана башка) боюнча өкүлдөрдү киргизүү боюнча иштер башталат.

Эске салсак, IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Түркиянын Изник шаарында өтөт. Учурда Түркияда оюндарды өткөрүү боюнча жумушчу комитет иштеп жатат.

Алдын ала маалыматтар боюнча, иш-чараны өткөрүү үчүн мыкты режиссёрлор тартылганы айтылууда.

Пикир

Оставить комментарий