• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бишкекте манасчы Жаңыбай Кожек уулунун 150 жылдыгы белгиленди

Маданият 0

Бишкек, 19.12.23. /Кабар/. Бишкекте манасчы, семетейчи Жаңыбай Кожек уулунун 150 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чара күн мурун Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өткөн. Ага маданият министринин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев, Жаңыбай Кожек уулунун урпактары жана кеңири коомчулук катышты.

Иш-чара Жаңыбай Кожек уулу тууралуу баяндалган документалдуу тасма жана “Жаңыбай манасчынын аяндары” аттуу пьесасынан үзүндү менен башталды.

Министрдин орун басары Тимурлан Ажымалиев иш-чараны ачып жатып, Жаңыбай Кожек уулу манасчылыкты атадан-балага мурас катары алып келе жаткан манасчылардын бири экенин, анын элесин түбөлүккө калтыруу үчүн 150 жылдыгынын урматына тиешелүү иш-чаралар уюштурулганын, "Манас" эпосу, манасчылар түгөнбөгөн кенч экенин дагы да каза берсе кыргыздардын руханий дүйнөсүнө керектүү кенчтер табыла берерин белгилеп өттү.

Иш-чарада сөз алып сүйлөгөндөр Жаңыбай Кожек уулу “Эр Төштүк”, “Эр Табылды” эпосторун, элдик поэма “Ак Мөөрдү” жана салт ырларын да мыкты билген төкмө болгонун, Жаныбайдын атасы Кожек эл арасында көбүнчө үчилтиктин экинчи бөлүмү “Семетейди” айтып жүргөндүктөн аны эл семетейчи деп билишип,. Жаныбай “Манасты” атасы Кожектен үйрөнүп, 16 жашынан айта баштаганын ж.б. анын бейнесин ачкан маалыматтарды айтышты.


Белгилей кетсек, Жаңыбай Кожек уулу “Манастан” “Көкөтөйдүн ашы, “Чоң казат” эпизодун жана “Семетей”, “Сейтек” эпосторун толук айткан. Жаңыбайдан жазылып алынган эпостун жалпы көлөмү 19 445 сап ырды түзөт.

Пикир

Оставить комментарий