• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте түндө абанын температурасы -16 градуска чейин суук болору күтүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 20.02.24. /Кабар/. Бүгүн, 20-февралда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында кар жаайт.

Синоптиктердин маалыматына караганда, Бишкекте түндө абанын табы -14...-16 градуска чейин төмөндөйт. Ал эми эртең борбор калаада күндүз -1...-3, түндө -12...-14, 22-февралда күндүз -1...-3, түндө -11...-13 градус суук болору күтүлүудө.

Бүгүн түндө Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, талас, Баткен, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым аймактарында кар жаайт.

Айрым аймактарга туман түшүп, жолдор тоңгок жана тайгалак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

Пикир

Оставить комментарий