• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бишкекте түндө чоңдордун коштоосу жок жүргөн 30 бала аныкталды

Коом 0

Бишкек, 17.07.24. /Кабар/. Бүгүн, 17-июль күнү Бишкек шаарынын аймагында "Өспүрүм-Түн" аттуу ыкчам түшүндүрүү иш-чарасы жүргүзүлдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Иш-чара ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүп, жер төлөө, жер астындагы өтмөктөр, парктар, скверлер жана башка болжолдуу чогула турган жерлер тыкыр текшерилген.

Түшүндүрүү иш-чаранын жүрүшүндө мыйзамдуу өкүлдөрүнүн коштоосу жок жүргөн 30 ашык бала аныкталды. Анын негизинде КР Укук бузуулар кодексинин 74-беренесине ылайык, 20 ата-энеге протокол түзүлүп, административдик айып пул салынды.

Аныкталган балдарга жеринен ата-энелери чакыртылып, андан ары тарбиялоо жана көзөмөлдөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, балдар ата-энелерине тапшырылып берилишти.

Рейддик иш-чаранын негизги максаты – калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, тактап айтканда, түн ичинде мыйзамдуу өкүлдөрүнүн коштоосу жок жүргөн, кароосуз, балдар мекемелеринин өз алдынча кетип калган, мамлекеттин жардамына муктаж балдарды аныктоо, аларга социалдык жактан жардам көрсөтүү. Ошондой эле балдар жана аларга келген ата-энелерге аталган Мыйзамдын талаптары менен тааныштыруу, кесепеттерин эскертүү, балдар арасындагы кылмыштуулукту жана укук бузуулардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү болуп саналат.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда жашы жете элек балдар түнкү саат 22:00дөн таңкы саат 06:00гө чейин ата-энесинин, же мыйзамдуу өкүлүнүн коштоосу жок жүрүүсүнө тыюу салынат.

Пикир

Оставить комментарий