• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

ЭСӨМдин башкаруунун коррупцияга каршы моделин ишке киргизүү боюнча иш-чаралар планы 71% аткарылган

Коом 0

Бишкек, 21.04.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин коррупцияга каршы мамлекеттик стратегияны ишке ашырууга көзөмөл кылуу боюнча жумушчу тобу кезектеги жыйынында Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги башкаруунун коррупцияга каршы моделин жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралар планын кандайча ишке ашырып жаткандыгынын жыйынтыктары менен таанышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Эске салсак, 2016-жылдын 24-июнунда Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинде башкаруунун коррупцияга каршы моделин жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралардын планы Коргоо кеӊешинин жумушчу тобу тарабынан бекитилген жана жактырылган.

2018-жылдын 11-январында Планды ишке ашыруу боюнча мониторинг өткөрүлгөн. Мониторинг өткөрүү тобуна Башкы прокуратуранын, Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын өкүлдөрү жана Коргоо кеӊешинин жумушчу тобунун эксперттери кирген.

Өткөрүлгөн мониторингдин жыйынтыгында Пландын 99 пунктунун 70 (71%) аткарылган, 12 (12%) пункту аткаруу стадиясында турат, 17 (17%) пункту аткарылган эмес.

Бир катар иш-чаралар аткарылганына карабастан, коррупцияга каршы түйүндүү иш-чаралар ишке ашкан эмес. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жетекчилиги коррупцияга каршы иш-чараларды ишке ашырууну так координациялай албай, алардын аткарылбагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартуу боюнча чаралар каралбагандыгы белгиленген.

Мониторинг өткөрүүчү топтун мүчөлөрү министрликтин коррупцияга каршы иш-пландын жооптуу аткаруучулары тарабынан жумушсуз жарандар менен иштөөдө паракорчулук тобокелдиктерин жоюуга каршылык көрсөткөн жагдайлар болгондугун белгилешти.

Отурумдун жыйынтыгы менен жумушчу топ Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайгүл Исакуновага коррупциялык тобокелдерди демонтаждоо боюнча такталган пландын пункттарын аткарбагандыгы үчүн жооптуу болгон министрликтин кызматкерлеринин ээлеген кызмат орундарына ылайык келишин кароону сунуштады жана алардын түздөн түз жетекчилерин тартип жоопкерчилигине тартууну сунуш кылды.

Мындан тышкары Башкы прокуратурага Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин кызмат адамдарына карата коррупцияга каршы пландын аткарылбаган бөлүктөрү боюнча белгиленген тартипте прокурордук жооп актыны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жөнөтүү сунушталды.

Пикир

Оставить комментарий