• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Абылгазиев УКМК төрагасын ведомство жамаатына тааныштырды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 21.04.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 21-апрелде, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин борбордук аппаратынын жамаатына Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп дайындалган Идрис Кадыркуловду тааныштырды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш боюнча бөлүмү билдирди.

Комитеттин кызматкерлерине кайрылууда, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөнүн улуттук коопсуздук органдарындагы Идрис Кадыркуловдун бай иш тажрыйбасын белгиледи.

Өкмөт башчы ведомствонун жаңы төрагасына ийгиликтерди каалоо менен катар анын жетекчилиги астында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети алдыга коюлган милдеттердин үстүндө, анын ичинде коррупцияга, диний экстремизмге жана терроризмге каршы натыйжалуу иш алып бараарына ишеним билдирди.

Пикир

Оставить комментарий