Бишкекте түнкүсүн чоңдордун коштоосу жок жүргөн 9 өспүрүм аныкталды

Коом 0

Бишкек, 07.03.24. /Кабар/. Бишкекте түнкүсүн ата-энесинин жана жакын адамдарынын коштоосу жок жүргөн жашы жете элек өспүрүмдөрдү аныктоо боюнча рейд жүргүзүлдү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, рейддин жүрүшүндө компьютердик клубдарда жана коомдук жайларда жашы жете элек 9 өспүрүм аныкталды.

Рейд РИИБдин жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын, социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын, МАБдардын кызматкерлеринин, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын өкүлдөрү менен биргеликте жүргүзүлдү.

Мындай мыйзам бузууларга жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жашы жете элек өспүрүмдөр мыйзамдуу өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилди.

Эске сала кетсек, жашы жете электерге (18 жашка чейинкилерге) түнкүсүн (жайында 1-июндан 31-августка чейин) саат 23:00дөн 06:00гө чейин, башка убакта саат 22:00 дөн 06:00гө чейин ата-энелердин жана жакындарынын коштоосу жок коомдук жайларда жүрүүсүнө тыюу салынат.

Белгилей кетсек, КР мыйзамдарына ылайык, ата-энелер балдарды тарбиялоо, багуу жана коопсуздугу үчүн жооптуу.

Пикир

Оставить комментарий