• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

БШК: Ленин округу боюнча Жогорку Кеңешке депутатты шайлоого 18 млн сом сарпталат

Коом 0

Бишкек, 03.04.23. /Кабар/. №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңешке депутатты шайлоого 18 млн со сарпталат. Бул тууралуу Боршайкомдун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, шайлоого жалпы 18 млн 635,5 миң сом кетет.

Эскерте кетсек, №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2023-жылдын 28-майында өтөт.

Учурда БШКга шайлоого талапкерлигин добушка коюу жөнүндө Эркин Булекбаев жана Максат Кунакуновдон арыз келип түшкөн.

Пикир

Оставить комментарий