• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

«Ысык-Көл» аэропорту 8 жылдан бери алгачкы ирет Жалал-Абаддан каттамды тосуп алды

Коом 0

Бишкек, 01.07.21. /Кабар/. «Ысык-Көл» эл аралык аэропорту 2021-жылдын 1-июлунда 8 жылдан бери алгачкы ирет Жалал-Абаддан каттамды тосуп алды. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, «Тез Джет» авиакомпаниясынын RG 85 учагы менен Жалал-Абад -Тамчы багытында 91 жүргүнчүнү, анын ичинде 13 бала бала барды. Ал эми Тамчы-Жалал-Абад багыты боюнча 11 жүргүнчү учуп кетишти.

Жүргүнчүлөр бул каттамдын ыңгайлуу жана жайлуу экендигин белгилешти.

Авиакомпания каттамды жумасына 2 жолу — дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү жүргүзүүнү пландоодо.

Пикир

Оставить комментарий