• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Мамлекеттик катчы Куралдуу Күчтөрүнүн Аскер институтунда илимий-практикалык конференцияга катышты

Коом 0

Бишкек, 17.02.23. /Кабар/. Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 17-февралда, КРнын Куралдуу Күчтөрүнүн Аскер институтунда «Чептен эрдин күчү бек» деген темада жогорку окуу жайлар арасындагы илимий-практикалык конференцияга катышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.

Конференцияга мындан тышкары, Коргоо, Ички иштер, Саламаттык сактоо жана Билим берүү жана илим министрлери, жогорку окуу жайлардын ректорлору, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн ардагерлери, профессордук-окутуучулар курамы, курсанттар жана студенттер чакырылган.

Иш-чаранын максаты — ар бир атуулдун Мекенге болгон сүйүү сезимин өстүрүү, өсүп келе жаткан жаш муундарды Мекенди сүйүүгө, коргоого жана аны көздүн карегиндей сактоого үндөө. Баткен коогалаңында курман болгон баатырлардын элесин эскерүү жана кыргыз элинин баатырларынын көрсөткөн эрдиктерин жана каармандыктарын жаштарга үлгү катары көрсөтүү.

Мамлекеттик катчы белгилегендей, азыркы кезде мекен чегиндеги аскер кызматкерлеринин эрдиги өсүп келе жаткан муунду патриоттук духта тарбиялоодо чоң түрткү берет.

«Кыргыз эли өзүнүн тайманбас, баатыр, мекенин коргогон уулдары менен ар дайым сыймыктанат», — деп баса белгиледи Сүйүнбек Касмамбетов.

Конференциянын жүрүшүндө «23-февраль — Мекен коргоочуларынын күнү», «Баткен окуясы 1999-2000-жылдар», «Мекен чегин коргоо — ыйык милдет» деген темаларда баяндамалар жасалды.

Пикир

Оставить комментарий