• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстандык жаш спортчулар дзюдо боюнча Азия кубогуна катышат

Спорт 0

Бишкек, 03.04.23. /Кабар/. Кыргызстандык спортчулар Казакстандагы Бекет Махмутовдун жаркын элесине арналган өспүрүмдөр жана жаштар арасындагы дзюдо боюнча Азия кубогуна катышат. Бул тууралуу Кыргызстандын дзюдо федерациясынан билдиришти.

Мелдеш 7-9-апрель күндөрү Алматыдагы Балуан Шолак атындагы спорт сарайында өтүп, турнирге Кыргызстандан 101 спортчу (75 бала жана 26 кыз) катышат.

Быйыл алтынчы ирет өтүп жаткан Азия кубогуна Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстан, Монголия, Гонконг, Түркмөнстан, Греция, Грузия жана АКШдан 400дөн ашуун дзюдочу катышары пландалууда.

IJF эрежесине ылайык, рейтингдик упайлар Азия кубогунун жеңүүчүлөрүнө жана байге ээлерине берилет.

Мелдештин жеңүүчүлөрүнө 100 упай, күмүш медалдын ээсине 60, коло медалдын ээсине 40 упай ыйгарылат.

Пикир

Оставить комментарий