• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Бишкекте өтө турган кесиптик жарманкеде 4 миңден ашык бош орун сунушталат

Коом 0

Бишкек, 14.05.24. /Кабар/. Бишкектеги бош жумуш орундар жана кесиптер жарманкесинде 4 миңден ашык бош орун сунушталат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бош жумуш орундардын жана кесиптердин жарманкеси 16-майда Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинде өтөт.

Белгиленгендей, жарманкеде 40тан ашуун жумуш берүүчү ири компаниялар катышып, жарандарга иш берүүчү менен түз маектешүү аркылуу жумуш табуу мүмкүнчүлүгүн түзөт, ошондой эле Бишкек шаары боюнча 4000ден ашуун бош жумуш орундары сунушталат.

"Жумуш издеген жарандар бош жумуш орундары, эмгек рыногунда талап кылынган адистиктер, окутуу жана кайра окутуу мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө түшүнүк ала алышат", - деп айтылат маалыматта.

Ал эми жаштар жана мектеп бүтүрүүчүлөрдүн жөндөмдүүлүгүн аныктоо үчүн кесипке багыт берүүчү тесттер уюштурулат, бул алардын келечектеги кесибин тандоодо жардам берет.

Пикир

Оставить комментарий