• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Бишкектин мэри канткенде мектеп көйгөйү чечилерин айтты

Коом 0

Бишкек, 01.03.23. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкекте кошумча 15 жаңы мектеп салынса, анда көйгөй чечилерин "Кабар" маалымат агенттигиндеги маалымат жыйынында Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров билдирди.

Анын айтымында, 2023-жылы бала бакчалардын курулушуна көбүрөөк көңүл бурулат.

"Биз мектептерди куруп жатканда шаардыктар бала бакчаларга көңүл буруп, аларды курууну суранышкан. Быйыл 12 бала бакча жана 1 мектеп курууну пландап жатабыз, айрыкча конуштарга. Бирок мектепти салуу уланат. Жеке жактар мектеп кура турган болсо, жер болу берүү, коммуникация маселесин чечип беребиз”, - деди ал.

Мэриянын маалыматына ылайык, 2023-жылы имараттардын титулдук тизмесинин долбоорунда төмөнкүлөр каралат:

- 130 орундуу "Сетун" бала бакчасын оңдоо жана калыбына келтирүү;
- №31 бала бакчаны 100-орундук оңдоо жана калыбына келтирүү иштери;
- "Ак-Ордо" конушундагы 280 орундуу бала бакча;
- "Арча-Бешик" конушундагы 180 орундуу бала бакча;
- "Келечек"конушундагы 100 орундуу бала бакча;
- "Дордой"конушундагы 140 орундуу бала бакча;
- "Көк-Жар"конушундагы Молдокулов көчөсүндөгү 280 орундуу бала бакча;
- "Кыргызстан-1" конушундагы Самойленко көчөсүндөгү 140 орундуу бала бакча;
- "Калыс-Ордо" конушундагы 140 орундуу бала бакча;
- "Мурас-Ордо" конушундагы 320 орундуу бала бакча;
- "Учкун"конушундагы 140 орундуу бала бакча;
- "Бакай-Ата" конушундагы 140 орундуу бала бакча;
- "Ак-Босого" конушундагы 140 орундуу бала бакча;
- "Ак-Бата"конушундагы 660 орундуу мектеп.

Пикир

Оставить комментарий