• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

"Ми-8" куткаруучу тик учагы Кыргызстанга ушул жылдын күзүндө келет

Коом 0

Бишкек, 01.03.23. /Кабар/. "Ми-8" үлгүсүндөгү куткаруучу тик учак Кыргызстанга 2023-жылдын ноябрь айында келет. Бул тууралуу Россия президентинин администрациясынын аймактар ​​аралык жана чет мамлекеттер менен маданий байланыштар бөлүмүнүн башчысы Игорь Маслов билдирди.

Анын айтымында, тик учак Кыргызстандын бийик тоолуу экенин эске алуу менен куткаруу иштери үчүн модернизациланат.

"Биз КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жетекчилиги менен бул маселени талкуулап, алардын сунушун эске алдык. Куткаруучу тик учак булуттарда гана учпастан, жабдылган жана бийиктикте куткаруу иштерин жүргүзүүгө даяр болушу керек", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий