• 87
  • 90.41
  • 0.84

Бишкекте тартипти сактабагандыгы үчүн айрым компанияларга айыппул салынды

Коом 0

Бишкек, 08.07.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын санитардык-экологиялык инспекциясынын тобу борбор калаанын көрктөндүрүү жана жашыл аянтчалардын санитардык абалын жакшыртуу боюнча тынымсыз иш-аракеттерди өткөрүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бул жолу тазалык эрежелерин “Эко-Строй Сервис” жана Чыгыш-5 кичи районунда жайгашкан “Нурболот” дүкөнү бузду.

"Тартип бузуучулар ишкердик субъектилеринин айланасында тазалыкты сактабай, таштандыларды белгиленген жерге жеткиришкен эмес. "Бузуулар жөнүндө" кодекстин 70-беренесине ылайык, 3000 жана 13000 сом айып салынып, акт түзүлдү", - деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле мэриядан белгилешкендей, "American School" компаниясы дагы мыйзамга ылайык жооп берет. Алар курулуш материалдарын тазалабай, белгиленбеген жерге сактап, таштанды таштоочу жайга айлантышкан. Өнөр жайдын таштандыларын таштаганы үчүн, 71-берененин негизинде 23 миң айыппул салынды.

Пикир

Оставить комментарий