• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Казакстанда акыркы суткада 2 миң 800 адамдан коронавирус табылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 08.07.21. /Кабар/. Казакстанда өткөн суткада коронавирус инфекциясы 2 миң 800 адамдан табылды. Бул тууралуу “Казинформ” эл аралык маалымат агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Нур-Султан шаарында – 794, Алматы шаарында - 340, Шымкент шаарында – 133, Акмоло облусунда – 129, Актөбе облусунда - 67, Алматы облусунда - 86, Атырау облусунда - 149, Чыгыш-Казакстан облусунда – 80, Жамбыл облусунда – 41, Батыш-Казакстан облусунда - 176, Караганда облусунда - 349, Костанай облусунда - 54, Кызылорда облусунда - 47 Мангистау облусунда - 154, Павлодар облусунда - 126, Түндүк-Казакстан облусунда - 45, Түркестан облусунда – 30 адамдан COVID-19 табылган.

Казакстанда оору катталгандан тарта бардыгы болуп 445 миң 91 адам коронавирус жуктурган.

Пикир

Оставить комментарий