• 86.8
  • 91.85
  • 0.85

Түркиянын президенти Өзбекстанга расмий сапар менен келет

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 28.03.22. /Кабар/. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган 29-30-мартта расмий сапар менен Өзбекстанга келет.

Өзбекстан президентинин маалымат кызматы кабарлагандай, Эрдоганды Ташкентке өзбек кесиптеши Шавкат Мирзиёев чакырган.

"Сапардын алкагында жогорку даражалуу конок Жогорку деңгээлдеги стратегиялык өнөктөштүк боюнча өзбек-түрк кеңешинин экинчи жыйынына катышат", - деп айтылат билдирүүдө.

Президенттердин сүйлөшүүлөрүнүн күн тартибинде эки тараптуу ынак мамиле жана стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүү жана бекемдөө, эки өлкө ортосунда көп пландуу кызматташтыкты кеңейтүү маселелери каралган.

Соода-инвестициялык, инновациялык, өндүрүш, логистика, туризм жана башка багыттардагы биргелешкен долбоорлорду илгерилетүүгө басым жасалат.

Сүйлөшүү маалында Мирзиёев менен Эрдоган эл аралык жана аймактык саясаттын актуалдуу маселелери боюнча да пикир алышат.

Пикир

Оставить комментарий