• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Эмгек министрлигине гумжардамдын алкагында 310 коляска берилди

Коом 0

Бишкек, 28.03.22. /Кабар/. КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен LDS-Charities кайрымдуулук фондунун ортосундагы кызматташтыктын алкагында Ош шаарында Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарынан келген 12 социалдык кызматкерге муктаж жарандар үчүн жаңы үлгүдөгү коляска тандоо боюнча үч күндүк окуу болуп өттү.

Эмгек министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, окутуу фонддун кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүп, министрликке 310 коляска берилди, өз кезегинде алар министрликтин тизмесинде турган майыптыгы бар жарандарга бөлүштүрүлөт.

Сертификаттарды тапшыруу аземине Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин алдындагы социалдык коргоо департаментинин директору Актан Балбаков, Ош облусу боюнча социалдык камсыздоо башкармалыктарынын жетекчилери, фонддун өкүлдөрү катышты.

Пикир

Оставить комментарий