• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Бишкекте таштанды жана чөп өрттөгөндөргө айып салынды

Коом 0

Бишкек, 06.08.24. /Кабар/. Бишкекте таштанды жана чөп өрттөгөндөргө айып салынды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, муниципалдык инспекциясынын инспекторлору шаардагы кайгуул учурунда таштанды, куураган чөптөрдү өрттөө жолу менен туура эмес утилдештирүү фактыларын аныкташкан.

Алсак, жеке турак үйдүн жашоочулары участок аймагында куураган чөптөрдү өрттөшкөн. Эреже бузганы үчүн 5 жеке адамга карата КР "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 115-беренесинин 3-бөлүгү боюнча 7 миң 500 сом суммасында протоколдор түзүлгөн.

Красный Строитель конушундагы жеке мончодо мыйзам бузуу аныкталды. Жеке жаран тигүү цехинен чыккан кездеме калдыктарын отко жагып мончо ысытып жүргөн. Эреже бузуучуга 7 миң 500 сом айып пул салынды.

Ал эми "Кыргыз Каганат" ЖЧКсынын жумушчулары тамак даярдоо үчүн фанераларды жана ДСП (жыгач-таарынды такталарын) өрттөшкөн.

КР "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 115-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, жоопкерчиликке тартылды. Юридикалык жак үчүн айып пулдун өлчөмү 23 миң сомду түздү.

Пикир

Оставить комментарий