• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

Бишкекте таштандыны кайра иштетүүчү заманбап заводдун курулушу кызуу жүрүүдө

Коом 0


Бишкек, 18.12.24. /Акназик Тургунбаева – Кабар/. Бишкекте таштандыны кайра иштетүүчү заманбап заводдун курулушу кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов социалдык тармактагы баракчасына жазды.

“Бишкекте таштандыны кайра иштетүүчү заманбап заводдун курулушу кызуу жүрүүдө. Бул шаар тургундарынын көп жылдардан берки кыялы болчу. Заводдун салынышы экологиялык тазалыкты камсыздоодогу чоң кадам. Бул завод ишке кирсе сүйүктүү ордо калаабыздын өнүгүүсүнө салым кошору талашсыз”,-деп жазды ал.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 29-мартында Кыргызстандын министрлер кабинети менен Кытайдын "Цзюньсинь Хуаньбао Кей Джи Инвест" ЖЧКнын ортосунда таштандыларды кайра иштетүүнүн негизинде электр энергиясын өндүрүү боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу боюнча инвестициялык макулдашууга кол коюлган.

Долбоордун алкагында суткасына 3000 тоннага чейин таштанды чыгаруучу станция куруп, электр энергиясын өндүрүү пландалууда. Долбоорго тартылган инвестициянын жалпы көлөмү болжол менен 95 млн долларды түзөт.

Заводдун курулушун 2025-жылдын декабрында бүтүрүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий