• 87
  • 90.63
  • 0.79

Бишкекте таштандыны туш келди ыргыткандарга айып салынды

Коом 0

Бишкек, 02.12.24. /Кабар/. Бишкекте таштандыны туш келди ыргыткандарга айып салынды.

Мэриядан маалымдашкандай, борбор калаада белгиленбеген жерлерге таштанды таштоого жол бербөө боюнча рейддик иш-чаралар уланууда. Муниципалдык инспекция шаардын көрктөндүрүү эрежелерин бузгандарды аныктап, протокол түздү.

Буденный, Шабдан баатыр, Огонбаев, Абдрахманов, Сүйүнбаев көчөлөрүнө, Чүй проспектисине жана Маевка айылына тиричилик жана курулуш таштандыларын уруксат берилбеген жерлерге таштаган шаар тургундарына жана ишкерлерине “Укук бузуулар” кодексине ылайык, 5 миң сомдон 17 миң сомго чейин айып пул салынды.

Муниципалитеттен белгилешкендей, менчигинин түрүнө карабастан бардык чарбалык субъекттер айланасында тазалыкты сактоого милдеттүү. Эрежелерди сактабаган адамдарга 3 миңден 13 миң сомго чейин айып пул салынат.

Мындан улам шаар тургундары жана ишкерлери таштандыны контейнердик аянтчаларга гана таштап, шаардын тазалыгын сактоосу зарыл.

Пикир

Оставить комментарий