• 87.7
  • 94.85
  • 0.98

Бишкекте “Тазалык” МИнын кызматкерин унаа коюп кетип каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 12.02.18. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Бишкекте бүгүн эртең менен “Тазалык” МИнын кызматкерин унаа коюп кетти. Жабыркаган аял алган жаракаттан улам ооруканага жетпей каза болгон. Бул тууралуу КР ИИМ ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кырсык таңкы саат 7:30да түштүк магистралда катталган. 1958-жылы туулган аял (60 жаш) көчө шыпырып жүргөн кезде унаа сүзүп кеткен.

“Аялды “Хонда Элизион” үлгүсүндөгү унаа коюп кеткен, айдоочу окуя болгон жерден качып кеткен эмес. Текшерүүнүн жүрүшүндө айдоочу мас эместиги такталган. Унаа атайын унаа токтотуучу жайда. Учурда окуя болгон жерде адистер иштөөдө”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий