• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Баткенде турак үйдөн өрт чыгып, 33 жаштагы жаран каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 15.01.24. /Кабар/. Баткенде турак үйдөн өрт чыгып, бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн таңкы саат 07:14тө Баткен районунун Кызыл-Бел айылында турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Саат 07:16да Баткен шаарында жайгашкан №26 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 5 өрт өчүрүүчү-куткаруучу тартылган. Ал эми экинчи күжүрмөн эсеп саат 07:57де тартылган. Саат 08:50де курчоого алынган тилсиз жоо саат 10:26да өрт толугу менен өчүрүлдү.

Тилекке каршы өрт чыккан жерде бир жаран каза болгон. Райондук ички иштер бөлүмү тарабынан каза болгон жарандын сөөгү 1991-жылы туулган А.Б экендиги аныкталган. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.

Пикир

Оставить комментарий