• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Чоң Чүй каналынан изделип жаткан жарандын сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 05.07.22. /Кабар/. Кечээ, 4-июнда Бишкекте Чоң Чүй каналынан изделип жаткан 59 жаштагы жаран Сокулук районунун Военно-Антоновка айылынан табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Куткаруучулар анын сөөгүн Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүлүп беришкен.

Издөө иштерин жүргүзүү максатында жерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 22 куткаруучусу тартылган.

Эске салсак, 29-июнь күнү А.Орозбеков көчөсүндө 1963-жылы туулган Ш.Р. аттуу жаран Чоң Чүй каналына түшүп жатып, сууга агып кеткен.

Пикир

Оставить комментарий