• 87
  • 90.41
  • 0.84

Бишкекте "Теңирберди" толук метраждуу тасмасынын бет ачары өттү

Маданият 0

Бишкек, 01.02.24. /Кабар/. Кечээ "Ала-Тоо" кинотеатрында режиссёр Асель Жураеванын "Теңирберди" аталышындагы толук метраждуу тасмасынын улуттук бет ачары өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ага министр Алтынбек Максутов катышып, тасманын чыгармачылык жана коюучу тобун куттуктап, аларга ийгиликтерди каалады.

Ал өз сөзүндө учурда мамлекет тарабынан маданияттын ажырагыс бөлүгү болуп саналган кино тармагына көңүл бурулуп жаткандыгын, каржылык колдоо жыл сайын өсүп, ал гана эмес улуттук киноиндустрияны өнүктүрүү боюнча жарлык кабыл алынып, аны ишке ашыруу үчүн зарыл болгон шарттарды түзүүгө белсенип жатканын белгиледи.

Мамлекет маданият тармагын колдоп жаткан сон, алдыда жасала турган иштер жана тартыла турган тасмалар арбын экендигин белгилеп, ал үчүн кино ишмерлерине талыкпас эмгек жана чыгармачылык эргүү каалады.

Эске салсак, аталган тасма Т.Океев атындагы Кыргыз улуттук "Кыргызфильм" киностудиясы жана "Азиянын чыгармачыл айымдары" коомдук фонду тарабынан тартылган. Коомдогу актуалдуу темага арналган кинотасма Маданият министрлигине караштуу Кинематография департаментинин тематикалык планына киргизилген. Буга чейин тасма Иранда, Азербайжанда, Испанияда, Казакстанда жана Беларусияда өткөн эл аралык кинофестивалдарга катышып, бир катар сыйлыктарга ээ болгон.

Белгилей кетсек, тасма 1-февралдан баштап Бишкек шаарындагы кинотетарларда көрсөтүлө баштайт.

Пикир

Оставить комментарий