• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кувейттин ММКлары Кыргызстан тууралуу сюжет даярдап, телеканалдар аркылуу көрсөтөт

Маданият 0

Бишкек, 21.02.19. /Кабар/. Кувейттин жалпыга маалымдоо каражаттары Кыргызстан тууралуу сюжеттерди тартып, өзүнүн каналдары боюнча чагылдырат. Бул тууралуу журналисттерге Кувейттин маалымат жана жаштар иши боюнча министри Мохаммед аль-Джабри КРнын маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында билдирди.

Эске сала кетсек, бүгүн тараптар биргелешкен маалыматтык колдоо тууралуу келишимге кол коюшкан.

Мохаммед аль-Джабри билдиргендей, кол коюлган документ абдан маанилүү, анткени ал эки тараптуу кызматташуунун өсүүсүнө чоң түрткү берет.

Андан тышкары министр, өзүнүн кыргыз кесиптешинин келишине абдан кубанычта экендигин билдирди. Анткени кыргыз делегациясынын сапары Кувейттин улуттук майрамын майрамдоо жана өлкөлөр ортосундагы дипломатиялык кызматташуунун орношунун 25 жылдыга дал келген.

“Келишимдин алкагында бир нече жетишкендиктер болду. Ушул жылдын апрель айында биз ЖМК, туризм жана маданият чөйрөсүнүн өкүлдөрүнөн турган топту түзүп, Кыргызстанга жиберебиз. Алар Кыргызстан тууралуу материалдарды топтоп, Кувейтте чагылдырылат”, - деди ал.

Мохаммед аль-Джабри Кыргызстанга барууга расмий чакыруу алгандыгын жана сөзсүз түрдө бараарын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий