• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

453 миң дыйкан чарбасы болсо, анын 15 миңи гана жеңилдетилген насыя алып келет – депутат

Коом 0

Бишкек, 21.02.19 /Кабар/. Республика боюнча 453 миң дыйкан чарбасы болсо, анын 15 миңге жетип-жетпегени гана жеңилдетилген насыя алып келет. Бул тууралуу депутат Бактыбек Райымкулов "Парламент" радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, фермерлерге берилүүчү насыялардын кечеңдеши ишке бир топ тоскоолдугун тийгизүүдө. Айыл чарбага каралган жеңилдетилген кредиттердин пайызы 14%, кийин 10% жана 7% болсо, акырындап ал 6% түшүп олтурат.

Депутатын пикиринде, бирок республика боюнча 15 миңге жетип-жетпегени гана фермерлер насыя алып жатат. Талап улам өсүп жаткандыктан, керектөөчүлөрдүн тизмеси да улам жаңыртылып, насыя бардыгына жеткидей болушу керек.

Эл өкүлү айыл чарба кредитин субсидия катары санабастан, ссуда деп эсептеген туура болмоктугун кошумчалады.

Эске салсак, 28- февралда Жогорку Кеңеш жазгы талаа жумуштарына карата көрүп жаткан даярдык иштери тууралуу өкмөттүн маалыматын угат.

Пикир

Оставить комментарий