• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бишкекте телефон аркылуу алдамчылык кылган жаранды кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.02.24. /Кабар/. Бишкек шаарында милиция кызматкерлери телефон аркылуу алдамчылык кылган жаранды кармашты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2024-жылдын 25-февралында милиция кызматкерлери Бишкек шаарында тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө телефондук алдамчылыкка байланыштуу кылмышка шектүү болуп 2005-жылы туулган Т.Ж. аттуу жаран кармалды.

Тактап айтканда, Т.Р. атту жаран Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылып, 11-январда ага "WhatsApp" мобилдик тиркемеси аркылуу белгисиз адам телефон чалып, өзүн "Мбанктын" кызматкери деп тааныштырып, коопсуздук маселесине көмөк көрсөтүү шылтоосу менен деп алдоо жолу менен эсептен 1400 АКШ долларын, тиркеме аркылуу эки банкта жалпы суммасы 119 миң 600 сом болгон насыя алышканын билдирген. Ошентип алдоо жолу менен жабырлануучунун 244 миң 643 сом суммасында акча каражатын алып кетишкен.

Кылмышка шектүү 2005-жылы туулган Т.Ж. аттуу жаран кармалып, сот тарабынан бөгөт кою чарасы камакка алуу түрү тандалды.

Учурда кармалган адамды телефондук алдамчылыктын башка фактыларына катыштыгы экендиги боюнча кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий