• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Каракол шаарында аялды бычактап өлтүрүүгө шектүү кылмышын мойнуна алды

Укук тартиби 0

Бишкек, 15.08.23. /Кабар/. Каракол шаарында аялды бычактап өлтүрүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 13-августта милицияга тез жардам кызматынын дарыгери өз үйүндө бычактан жаракат алган аялдын сөөгү табылганын маалымдаган.

Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барып, бычак сайылган бойдон жаткан аялдын сөөгүн табышып, маркум Каракол шаарынын 67 жаштагы тургуну болгонун аныкташкан.

Аталган факты каттоого алынып, КР Кылмыш-жаза кодексинин "Адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө кылмышка шектелип Ак-Суу районунун 59 жаштагы тургуну О.А. кармалды. Ал алдын ала суракта жасаган кылмышы боюнча күнөөсүн толугу менен мойнуна алган.

Соттун чечими менен шектүүгө бөгөт коюу чарасы тандалып алынганча, кармалган жаран Каракол ШИИБдин УКЖга киргизилди.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында Каракол ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан жасалган кылмыштын себептерин жана жагдайларын аныктоо боюнча тергөө амалдарын жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий