• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бишкекте Telegram аркылуу синтетикалык баңгизат сатууга көмөктөшкөндөр кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 06.03.24. /Кабар/. Telegram мессенджери аркылуу синтетикалык баңгизаттарды сатууга көмөктөшкөн криптовалютанын ээлери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан 4-мартта Бишкекте Telegram аркылуу "мефедрон", "туз", "кристалл" синтетикалык баңгизаттарын сатышып, криптовалюталык кызмат көрсөткөн адамдардын тобунун кылмыштуу иш-аракеттерине бөгөт коюлду.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө "крипто алмашуучулардын" тобу кармалып, алардан көп сандагы банк карталары, уюлдук телефондор жана сим-карталар, ошондой эле ири өлчөмдөгү "мефедрон" баңгизаты табылып алынды.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында баңги затын мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенген жана “крипто алмаштыргычтар” аркылуу ортомчулук кызмат көрсөткөн Кыргызстандын беш жараны кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда жарандарга баңгизаттарды таратып жаткан адамдардын, ошондой эле бул мыйзамсыз аракеттерге көмөктөшкөн башка адамдардын аракеттерин аныктоо жана ага бөгөт коюуга багытталган ыкчам иликтөө иш-чаралары улантылууда.

УКМК кылмыштуу топторго Telegram жана "крипто алмаштыргычтар" аркылуу баңгизаттарды таратууда жана сатууда жардам көрсөтүү мыйзамсыз экенин жана кылмыш жоопкерчилиги караларын эскертет.

Пикир

Оставить комментарий