• 87
  • 90.41
  • 0.84

Бишкекте теннис боюнча өлкө чемпионаты өтүүдө

Спорт 0

Бишкек, 17.10.22. /Кабар/. Бишкектин “Тай Брейк” аянтчасында 15-октябрда теннис боюнча өлкөнүн чемпионаты старт алды.

Кыргызстандын теннис федерациясынан билдиришкендей, мелдешке 12 жаштан 30 жашка чейинки спортчулар катышууда.

Теннис федерациясынын президенти Нурдин Медетов өлкө чемпионаты расмий статуста 10 жылдан бери өткөрүлбөй жатканын айтат.

"Биз салтты кайра жандантып, 2022-жылдын жыйынтыгын чыгарууну чечтик. Бул өлкөнүн мыкты оюнчуларын аныктоо, наамдарды берүү жана жаңы таланттуу оюнчуларды издөө үчүн зарыл. Расмий статустагы чемпионат он жылдай өткөн жок. Бизде спортчулардын потенциалы чоң. Биз аймактарда теннисти өнүктүрө баштадык, белгилүү бир программа бар. Федерация ишин быйыл гана жандандырды. Инфраструктураны жакшыртууга, машыктыруучулардын квалификациясын жогорулатууга, калыстарды эл аралык стандартка ылайык даярдоого багытталганбыз", - дейт Медетов.

Пикир

Оставить комментарий