• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кум үстүндөгү футбол: Кыргызстан үчүнчү ирет утулду

Спорт 0

Бишкек, 12.03.19. /Кабар/. Кыргызстандын кум үстүндөгү футбол боюнча курамасы Таиландда өтүп жаткан Азия биринчилигинин алкагындагы үчүнчү беттешинде да утулду. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Кечээ, Кыргызстандын курамасы Кытай менен ойноп, 3:9 эсебинде жеңилген. Ушуну менен биздин команда үчүнчү ирет утулуп жатат.

Алгачкы эки оюнунда Кыргызстан, Бириккен Араб Эмирлигине жана Ливанга жеңилген эле. Эми биздин курама үйүнө кайтат.

Белгилей кетсек, биздин курама бул мелдешке алгач ирет катышып жатат.

Пикир

Оставить комментарий