Бишкек, 17.09.18. /Кабар/. Бишкекте өткөн ишембиликтен кийин 114 тонна таштанды чыгарылган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине “Тазалык” ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, 15-сентябрда ишембиликти өткөрүү учурунда 863 жумушчу жана 47 атайын техника тартылган.
Бардык кызматкерлер райондук тилкелер боюнча бөлүштүрүлгөн. Учурда таштандыларды чыгаруу уланууда.
Биринчи май тилкеси - 227 кызматкер жана 13 даана атайын техника;
Свердлов району – 156 кызматкер жана 12 даана атайын техника;
Ленин тилкеси- 202 жумушчу жана 10 даана атайын техника;
Октябрь тилкеси – 211 кызматкер жана 12 даана атайын техника.
Пикир
Оставить комментарий