• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бизнести текшерүүдө мыйзамды бузган кызмат адамдарын жумуштан бошотуу керек – Жээнбеков

Экономика 0

Бишкек, 17.09.18. /Кабар/. Кыргызстандын ишкерлери президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуу учурунда алардын ишмердүүлүгүн текшерүүнүн айланасындагы маселени бир нече жолу айтышты.

Айтылгандарды уккандан кийин мамлекет башчысы ар бир ишкердин мыйзамдык укуктарын коргой турган адилеттүү соттук системаны түзүү максатында чоң жумуш жасаларын билдирди.

“Алдыда биз текшерүү жана укук коргоо органдарынын ишиндеги жетишсиздиктерге каршы биргеликте күрөшүшүбүз керек. Андыктан мамлекеттик органдардагы ишкердиктин субъектилеринин укуктарын коргой турган бизнес-акыйкатчынын институту түзүлөт. Текшерүү учурунда мыйзам бузган кызмат адамдарын жумуштан бошотуп, текшерүү органдарында иштөө укугунан ажыратуу керек”, - деди ал.

Президент мындай норма мыйзамда бар экенин көрсөтүп, анын аткарылышын камсыздоо керектигин айтты. Ал үчүн бардык мамлекеттик органдардын алдына өлкөнүн экономикалык өнүгүүсү боюнча тапшырмаларды коюш керектигин белгиледи.

“Фискалдык жана укук коргоо органдарынын жумушун баалоодо кылмыш иштеринин саны жана айып пулдардын суммалары коюлган практиканы тез арада токтотуу керек. Айып пулдардын санкциясынын өтө чоң суммасынан улам ишкананын жумушу токтогон көп учурлар бар. Бул айып пул санкцияларынын жыйынтыгында эң башкысы көптөгөн адамдар жумушсуз калышат”, - деди Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий